Кыргызстандагы референдум
1
Өлкөнүн бардык аймактарында 2 миң 200дөн ашуун шайлоо жайлары саат 8де ачылып, референдумга добуш берүү башталды.
2
Добуш берүү маалында бармакка белги коюу ыкмасы ырааттуу колдонулуп жатат. Бишкек ш.
3
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат борборунун маалыматына ылайык, бир сааттын ичинде референдумга өлкө аймагы боюнча 144 500 шайлоочу катышты.
4
Референдумга катыша турган шайлоочулардын жалпы саны болсо 2 миллион 700 миңге жакын. Орус мекендешибиз оюн билдирди.
5
Кошумча тизме менен шайлоого катышуу. - Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Акылбек Сариев, өзү катталган шайлоо жайынан башка жайда добуш берип жаткан шайлоочуларды кайсы жерде катталганын так айтууга үндөдү.
6
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Сулайман Кайыпов Жал кичи районундагы шайлоо бекетинде добуш берди.
7
Референдум өткөрүүгө 7 миң 820 тартип коргоо кызматкерлери тартылды
8
ИИМдин коомдук-коопсуздук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жекшен Кулманбетовдун “Азаттыкка” билдиришинче, коомдук тартипти камсыз кылууга милиция кызматкерлери менен кошо Элдик кошуундун 12 миң 290 мүчөсү тартылган.
9
Добушун берип, атуулдук милдетин аткарып чыккан айымдар.
10
Референдумдун жүрүшүнө чет элдик 200дөн ашуун байкоочулар, өлкө аймагындагы жарандык уюмдардын, саясий партиялардын 5 миңге чукул байкоочулары байкоо салып турушканы маалымдалууда.
11
Дарыгер Үмүт Сатыбалдиева - бишкектик шайлоочу.
12
Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары А. Атамбаев 5-кесиптик-техникалык окуу жайындагы шайлоо бекетинде.
13
Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Ө. Текебаев Бишкектеги 27-мектепте жайгашкан шайлоо бектине келди.
14
"Кыраандар" жаштар кыймылы сурамжылоо жүргүзүүдө
15
Добуш берүүгө келген бишкектиктер
16
Референдумга байкоо салып жаткан эл аралык байкоочулар