Оштун борбордук аянтында 31-декабрь күнү саат 6дан түн жарымга чейин 50 миңдей адам келип кетти. Кечки саат 8де башталган салтанатка 25 миңдей адам катышканы айтылууда. (Санжар Эралиев, "Азаттык")
Ош: Майрам шаңы
1
Аймактагы кабарчыбыз билдиргендей, тарсылдаган үндөр түнкү саат экиге чейин токтогон жок.
2
Ош калаасында деле майрам түнү тынч өткөндүгүн шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков кабарлады.
3
Ошто Жаңы жылды тосуу үчүн 2,3 миллион сомдук фейерверктер атылды.
4
Ошто Жаңы жылды тосуу үчүн 2,3 миллион сомдук фейерверктер атылды.
5
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргиндей, бийикке атылчу өзгөчө салюттар Кытайдан сатылып алынган. Ага коротулган каражат демөөрчүлөрдүн эсебинен жумшалган.
6
Шаар жетекчилигинин айтымында, Оштун борбордук аянтында 31-декабрь күнү саат 6дан түн жарымга чейин 50 миңдей адам келип кетти.
7
Кечки саат 8де башталган салтанатка 25 миң адам катышканы айтылууда.
8
Салюттар 3 этапта 15 мүнөттөн атылды. Алгачкысы саат кечки саат 8де, анан 10до жана 00.00дө.