Ак була жыйноодогу негизги түйшүк аялдардын моюнунда. Сүрөттөр Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Сары-Сыя айылынан тартылды.
Ак буланы күчтүү аял терет
Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыды.
1
Теримчи аял.
2
Пахта жыйноо оңой эмес. Кечке ийилип иштеш керек. Белдерине байланган этекте 8-10 килограммга чейин ак була болот.
3
Ноокенде коомчулук арасында "аялдын баары пахта терүүгө милдеттүү" деген түшүнүк да калыптанып калган. Талаа ишине чыдай албаган кыздар сынга кабылат.
4
Аялдар пахтаны таразага алып бара жатышат.
5
Пахта терүү аялдардын киреше тапчу булагына айланган. Ар бир килограммына 5 сомдон 7 сомго чейин акы алышат. Аны пахтанын ээси төлөйт.
6
Пахта көп айдалган жерлерде кыз-келиндердин баары ушул күндөрү талаада жүрүшөт
7
Аялдардын айрымдары бир күндө 60-70, кээ бирлери 110 кг пахта теришет.
8
Күндүз пахта терип, кечинде үйгө барып балдарга тамак-аш жасап, кир-когун жууган аялдар таң атканда кайра эле талаага жөнөшөт.
9
Пахта сезону бүтмөйүнчө эс алууну ойлошпойт деле. Түмөн-түйшүккө карабай, наалыган аялды көрбөйсүз.
10
Аялдардын баары бети-башын жоолук менен ороп алышкан. Антпесе, пахтага чаң көп жабышат. Ден-соолукка олуттуу зыян келиши мүмкүн. Колдорунда колкап.
11
Ачылган пахта
12
Пахта ташып бараткан дыйкан
13
Эркектердин милдети - аялдар терген пахтаны талаадан үйгө ташуу.
14
Аялдар кээде балдарын да өзүнө жардамчы кылып талаага алып чыгышат.
15
Пахта талаасы
16
Бир гектар жерден ар ар теримде болжол менен бир-бир жарым тонна пахта чыгат. Августтан ноябрга чейин үч-төрт жолу терим уюштурулат.
17
Ак буланын баары колдо жыйналат. Беш-алты аял бир гектарды эки күндө жыйнап коюшат.