Ош облусунун Кара-Суу районунда 16-апрелде Савай айыл өкмөтүнө караган Ынтымак айылынын 50дөн ашык тургуну нааразылык билдирип чыгышты. Алар "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы экенин айтып, мөөнөтсүз акция баштады. Боз үй тигип алган жергиликтүү тургундар атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышууда.
"Кемпир-Абаддагы" жердин берилишине каршылар чогулду
1
Ынтымак айылынын тургундары бул жерге бир нече аптадан бери чогулуп жатышат.
2
Акциянын катышуучулары бир нече күн мурда боз үй тигип, жака-белине Кыргызстандын мамлекеттик тууларын илип коюшкан.
3
Нааразылык акциясына чыккандар талаптарын президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге жолдошту.
4
“Кыргызстандын жерин берип жаткан экен деп угуп келдик. Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду ушул жерге чакырганга даярбыз”, - деди Ынтымак айылынын тургуну Нурлан Маматов.
5
Боз үй «Кемпир-Абад» суу сактагычынын плотинасынын жанына тигилген, бул жер Ынтымак айылынан 10 чакырым алыстыкта орун алган.
6
Митингге чогулгандар Өзбекстанга өткөрүлөрү айтылган 50 гектар жер стратегиялык маанилүү аймакта жайгашканын айтышты.
7
Кыргызстан тараптан көрүнгөн өзбек айылдары.
8
Эл чогулган жерге келген Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Абдусамат Абдуллаев журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.
9
Камчыбек Ташиев быйыл 24-25-мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тууралуу кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйынына катышып келген.
10
Ташиев анда бардык маселелер аймактарды алмашуу принциби менен каралып чыкканын айткан жана тараптар "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы жер баштаган бир нече тилкелерди тактоодон өткөрүүнү макулдашканын билдирген.
11
Садыр Жапаров буга чейин кыргыз-өзбек чек арасын тактоо тууралуу соңку кадамдарды "тарыхый мааниге ээ" деп сыпаттаган.
12
13
14
15
16
17
18
19
20