Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:37

Путин "Буревестник" канаттуу ракетасы кезектеги сыноодон өткөнүн айтты


Орусия алыс аралыкка учкан, өзөктүк дүрмөтү бар "Буревестник" канаттуу ракетасын сыноодон өткөрдү.

Кремлдин билдирүүсүндө Путин уюшкан аскерлер тобунун башкаруу пункттарынын бирине барып, Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов баштаган жетекчилердин катышуусунда жыйын өткөргөн.

Путин орус армиясы стратегиялык чабуулга каршы машыгуудан өткөнүн жарыялап, Герасимовдон ракета сыноосу кандай ишке ашканын сураган.

Герасимов "Буревестник" 21-октябрда сыноодон өткөнүн айткан. Ракета 15 саат тынбай 14 миң чакырым аралыкка учкан. "Сыноо ыкмаларын аныктап жана аны куралдуу күчтөргө жайгаштыруу үчүн инфратүзүмдөрдү даярдоо керек", - деген Путин.

"Буревестник" тууралуу Путин биринчи жолу 2018-жылы айтып чыккан. 2019-жылы августта Архангельск облусундагы Ненокс ракеталык полигонунда жарылуу болуп, Орусиянын Росатом менен Коргоо министрлигинин жети кызматкери каза тапкан. Жарылуудан кийин радиациянын деңгээли көтөрүлгөн. "Свобода" радиосунун иликтөөсүндө кырсык "Буревестникти" сыноо учурунда деңизге кулап түшкөн ракетаны алып чыгуу маалында болушу ыктымал экени айтылган.

Буга чейин ракета Жаңы Жердеги полигондо сыналганы айтылган. Nuclear Threat Initiative аналитикалык борбору америкалык чалгын кызматына таянуу менен 2017-2019-жылдары "Буревестник" 13 жолу сыноодон өтүп, экөө гана "жарым-жартылай" ийгиликтүү болгонун айткан.

2023-2015-жылдары "Буревестник" Жаңы Жерде дагы сыноодон өткөнүн көз карандысыз иликтөөчүлөр спутниктен алынган сүрөттөргө таянып билдиришкен. 2023-жылы октябрда Путин жаңы ракетаны сыноо ийгиликтүү өткөнүн айткан.

Көз карандысыз булактар "Буревестниктин" сыноосу ийгиликтүү өткөнүн ырастаган эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG