4-ноябрда АКШнын бир нече штатында губернатор, мэр жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлоо жараяны өттү. Өлкөнүн эң белгилүү, эн чоң жана эң бай шаары Нью-Йоркто 34 жаштагы демократ-социалист саясатчы Зохран Мамдани мэр болуп шайланды.
Баштапкы эсептөөлөргө караганда, ал добуштардын 50,4% алып, шаардын тарыхындагы алгачкы мусулман жетекчи, соңку жүз жылдыктагы эң жаш мэр болуп калды.
Мамдани Угандада, теги индиялык үй-бүлөдө туулган. Апасы Мира Наир - белгилүү инд-америкалык кинорежиссер, атасы Махмуд Мамдани - инд тектүү угандалык окумуштуу. АКШга алар уулу жети жашында көчүп барышкан. Американын жарандыгын болочок мэр 2018-жылы алган, быйыл жыл башында теги сириялык Раме Дуважиге үйлөнгөн. Саясатка аралаша баштаганга чейин, ачык булактардагы маалыматка караганда, Мамдани ипотекасын төлөй албай калган жарандардын үй-жайынан ажыроосуна жол бербөө маселелери боюнча консультант болуп иштеген.
Өзүнүн шайлоо өнөктүгүн Мамдани Нью-Йоркту кирешеси анча көп эмес адамдардын жашоосуна ыңгайлуу шаарга айландыруу урааны менен өткөрдү, турак жай ижара маселесин жеңилдетүү, бекер ташый турган автобустарды жүргүзүү, арзан дүкөндөрдү жана бекер бала бакчаларды ачуу сыяктуу убадаларды берип келди.
Мурда эч кимге белгисиз Мамдани социалдык түйүндөрдү активдүү колдонуп, Демократтар партиясынын активисттерин, жаш мүчөлөрүн өзүнө тарта алды жана шайлоодо Нью-Йорк штатынын мурдагы губернатору, партиянын жогорку жетекчилиги арасында фаворит болгон Эндрю Куомодон озуп чыкты. Добуш берүү күнүн утурлай АКШ президенти Дональд Трамп Куомого колдоосун билдирген. (RK)
Шерине