Талас облусунда жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө спорт жаатында атайылап пайдасыз келишим түзгөндүгү боюнча факты аныкталып, Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Н.Н.Э., Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Б.З.Б. жана Талас облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Б.Н.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымдады.
Анда айтылгандай, 2026-жылдын жайында Талас облусунда “Мен чемпионмун” спорттук оюндарын өткөрүү үчүн Талас облусунун дене тарбия жана спорт башкармалыгына 17 миллион 500 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.
Бул сумманын негизги бөлүгүн – 12 миллион сомду Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жооптуу кызматкерлери облустук дене тарбия жана спорт департаменти үчүн административдик имарат катары колдонуу үчүн турак жай имаратын сатып алууга жумшаган. Ал имаратты баалоо Соода-өнөр жай палатасынын вице-президентинин жардамы менен жүргүзүлүп, атайылап 12 миллион 343 миң сомго ашыкча бааланган.
Көз карандысыз баалоодо аталган турак жай имаратынын орточо базар баасы 7 миллион сомду түзгөн. Натыйжада мамлекеттин кызыкчылыгына 4 миллион сомдон ашык өзгөчө ири зыян келтирилгени такталган.
Кармалган үч аткаминер Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда кылмыш ишинин алкагында башка катышуучуларды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат. (ErN)
Шерине