Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:36

Молдова бийлиги Кишиневдогу "Орус үйү" жабыларын билдирди


Кишинев
Кишинев

Молдованын өкмөтү маданий борборлор тууралууу Орусия менен түзүлгөн келишимди денонсациялоо долбоорун жактырды. Ага ылайык, Кишиневдогу "Орус үйү" ("Русский дом") жабылат. Документ парламенттин кароосуна жөнөтүлөрүн Radio Moldova маалымдады.

Өлкөнүн маданият министри Кристиан Жардан борбор 1998-жылкы макулдашуунун негизинде ачылганын, анын мөөнөтү 2026-жылы соңуна чыгып жатканын жана узартылбай турганын билдирди.

Расмий Кишинев “Орус үйүн” “Кремлдин гибриддик таасир этүү куралы” деп санашат. Молдованын Орусияда андай маданий борбору жок.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Молдованын бийлиги “Орусияга байланышкан бардык нерселерди жокко чыгарып жатканын” айтты.

"Россотрудничество" уюму "Орус үйү" кадимкидей иштеп жатканын маалымдады.

Буга чейин Молдованын бийлиги Орусияны шайлоого аралашуу, дестабилизация аракети үчүн айыптаган.

Быйыл февралда Бакудагы «Орус үйү» эки өлкөнүн мамилеси начарлаганда жабылган.

Орусия Украинага басып киргенден кийин бир нече өлкөдө андай борбоорлордун иши токтотулган. Ошол эле маалда Батыштын бир катар өлкөлөрүндө анча активдүү эмес болсо да, иштеп жатат.

Быйыл жазында Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган. Кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.


Шерине

XS
SM
MD
LG