Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Шаардык сот Жоомарт Карабаевдин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды


Жоомарт Карабаев
Жоомарт Карабаев

Бишкек шаардык соту бүгүн 6-ноябрда Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин апелляциялык арызын карап, райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Жоомарт Карабаев 2024-жылдын июль айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылгандан кийин камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” деген беренелери менен айып коюлган.

Төрт айдан кийин, 31-октябрда аны Бишкектин Биринчи май райондук соту эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон. Буга анын апасы сыркоолоп, ооруканада жатканы, каралаша турган киши керектиги тууралуу жүйө негиз болгон.

Биринчи май райондук соту 2025-жылы май айында аны күнөөлүү деп таап, пробациялык үч жылдык жаза чегерген. Ошондой эле ага 50 миң сом айып пул салган. Буга каршы жактоочулар шаардык сотко апелляциялык арыз жазышкан. 2025-жылы апрелде социалдык тармактарга Жоомарт Карабаев менен Улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы Айнуру Алтыбаеванын сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда Жоомарт Карабаевге кызматтан өз арызы менен кетүүсү сунушталып, болбосо УКМКнын кызматкерлери аны камакка алары эскертилип жатканы айтылган. Айнуру Алтыбаева муну “жалаа жабуу” деп атаган.

Жоомарт Карабаев айрым кылмыш иштери боюнча илимий экспертиза жүргүзгөн кызматкерлердин бири болчу. Өзү “УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз ишин ачыктаганым үчүн куугунтукка кабылдым” деп билдирген. УКМК буга байланыштуу комментарий берген эмес. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG