Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Грузия: Оппозициялык саясатчылар мамлекетке каршы кылмыштарга айыпталууда


Грузиянын прокуратурасы оппозициялык белгилүү сегиз саясатчынын үстүнөн кылмыш иш козгоду. Айыпталгандардын арасында экс-президент, камактагы Михаил Саакашвили да бар.

«Эхо Кавказа» радиосу баш прокурор Георгий Гваракидзеге шилтеме менен кабарлагандай, алар «мамлекетке каршы кылмыштарга, саботаж, чет мамлекеттин кас аракеттерине көмөктөшүү, конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка каршы аракеттерди каржылоо, конституциялык тартипти күч менен өзгөртүү жана бийликти кулатууга чакырыктар» үчүн айыпталууда.

Саакашвилиден тышкары Георгий Вашадзе, Ника Гварамия, Ника Мелия, Зураб Жапаридзе, Элене Хоштария камакта отурат. Ал эми «Лело» партиясынын лидерлери Мамука Хазаридзе жана Бадри Жапаридзе жакында ырайым алган.

Гваракидзе Украинадагы согуш башталгандан кийин «Грузиянын өкмөтү тынчтыкты сактоо багытын тандап алып, Орусияга экономикалык санкция салуудан баш тарткан чакта» айрым оппозициялык лидерлер чет өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө «мунайдын импорту жана аскердик тармактагы кырдаал тууралуу маалымат берип турганын» билдирди. Тергөө саясатчылар «Грузиянын аба мейкиндиги Орусияны ирандык дрон менен камсыздоо үчүн пайдаланып жатат деген жалган маалымат таратышкан» деп күнөөлөп жатат.

Андан тышкары прокуратуранын маалыматына ылайык, Хоштария, Жапаридзе жана Вашадзе чет элдик өнөктөштөрүнө Грузиянын жарандарына санкция салсын деп мамлекеттик кызматкерлердин тизмелерин жана башка документтерди өткөрүп берчү.

Прокуратура Саакашвили социалдык тармактардагы баракчаларын тарапташтарын «режимди кулатууга», өкмөт имараттарын басып алууга чакырган деп эсептейт. Экс-президент 2034-жылдын 1-февралында эркиндикке чыгууга тийиш болчу.

Оппозициялык саясатчылар түрдүү айыптар менен абакта отурат.

Октябрдын аягында башкаруудагы «Грузин кыялы» партиясы “Бирдиктүү улуттук кыймылды”, “Өзгөрүүлөр үчүн коалицияны” жана “Күчтүү Грузия-Лело” партиясын мыйзамсыз деп таануу арызын Конституциялык сотко тапшырган.

Өлкөдө он айдан ашуун убакыттан бери өкмөткө каршы акциялар тынчыбай келатат. Оппозиция бийликтин евроинтеграция жолунан тайганына нааразы болуп, «Грузин кыялы» жеңген парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган деп эсептейт.


Шерине

XS
SM
MD
LG