Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Шылуундук үчүн жаза чаралары катаалдашты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ("Алдамчылык") өзгөртүүлөр киргизилип, жаза чаралары катаалдашты. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Өзгөртүүлөргө ылайык, эми бирөөнүн мүлкүн алдап же ишеничине кирип ээлеп алуу гана эмес, пайда табуу максатында келишим шарттарын атайылап аткарбай коюу да алдамчылыкка жатат.

Аз өлчөмдөгү алдамчылык үчүн 50-100 миң сом жаза айып салуу, бир жылга чейин түзөтүү иштерине тартуу же бир жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган.

Көп өлчөмдөгү алдамчылык үчүн эгер бул алдын ала сүйлөшүү менен адамдардын тобу тарабынан жасалса, интернет же санарип технологияларды пайдалануу менен жасалса, мүлкүн конфискациялоо менен 2-4 жылга эркиндигинен ажыратылат.

Ири суммадагы алдамчылык же эки же андан ашуун жабырлануучуну алдаган учурда мүлкүн конфискациялоо менен 5-7 жылга эркиндигинен ажыратылат.

Өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилсе, кылмыш тобунун же кылмыш коомчулугунун курамында уюштурулган схема менен же кызмат абалынан пайдаланып алдамчылык кылса мүлкүн конфискациялоо менен 8-12 жылга эркиндигинен ажыратылат. Ошондой эле үч жылга чейин белгилүү бир кызматтарда иштөөсүнө тыюу салынат.

Ошол эле учурда алдамчылыкка айыпталган адам келтирилген зыянды өз каалоосу менен толук төлөп берсе, аракетинде кылмыштын башка белгилери болбосо, ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуусу мүмкүн.

Расмий маалыматтарда былтыр шылуундар интернет аркылуу 1 млрд сомдон ашык акчага алдап кеткени айтылган. Быйылкы жылдын төрт айында мындай кылмыштардын зыяны 5,5 миллион сомдон ашкан. 2024-жылы IT технологиялар чөйрөсүндө 1658 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 796сынын бети ачылып, калган 862 кылмыштын бети ачылган эмес.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG