Ноябрда өткөн шайлоодо күтүүсүз жеңишке жеткен 70 жаштагы Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланат.
Дональд Трамп: ант берүүгө чейинки 70 жыл
1
Дональд Трамп 1946-жылы ньюйорктук бардар үй-бүлөдө төрөлгөн.
2
Трамп беш баланын төртүнчүсү. Анын атасы Тед Трамп ньюйорктук ийгиликтүү куруучу болгон. Трампка жеке бизнесин тикелөөгө атасы жардам берген.
3
Нью-Йорктун аскердик мектебинде
4
Дональд Трамп атасы менен Уортон бизнес мектебинин бүтүрүү кечесинде. 1968-жыл.
5
1977-жылы Трамп чехословакиялык Ивана Зельничковага үйлөнгөн. Алар 1989-жылы ажырашкан. Алардын ортосунда үч бала бар – Эрик, Иванка жана Дональд.
6
1993-жылы Трамп модель жана аткаруучу Марла Мейплска үйлөнөт.
7
Алар 1999-жылы ажырашкан.
8
1996-жылы Трамп “Дүйнөнүн сулуусу” аттуу сулуулар сынагынын ээси болот. Сынактын ошол жылкы жеңүүчүсү Алисия Мачадо кийинчирээк ал менин намысыма тийди деп Трампты айыптап чыккан.
9
Трамп эл аралык мейманканасынын пайдубалына таш орнотуу аземи. Лас-Вегас, 2005-жыл.
10
Бай болуунун сырларын Трамп 2004-жылы жарык көргөн китебинде бөлүшөт. Андан мурун басылып чыккан “Келишим түзүү өнөрү” деп аталган китеби бестселлер болуп, Трамптын белгилүү болушуна жол ачкан.
11
2005-жылы Трамп словениялык Мелании Кнаусс аттуу моделге үйлөнгөн. Алар 2006-жылы уулдуу болуп, атын Баррон деп коет.
12
Трамптын уулу Баррон.
13
Trump International Hotel мейманканасынын курулушу. Чикаго, 2006-жыл.
14
Трамп Республикачылар партиясынын атынан президенттикке талапкер болуп шайланды. Кливленд, Огайо, 21-июль 2016-жыл.
15
Өзүнүн шайлоо кампаниясы учурунда Трамп эгер АКШ Украинага Крымды кайтарууга жардам берүүгө аракеттенсе, Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталарын айткан.
16
Дональд жана Мелани Трамп президенттик шайлоодо добуш берип жатышкан учуру. Нью-Йорк, 2016-жылдын 8-ноябры.
17
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трампка каршы митингдин катышуучулары. Вашингтон, 2017-жылдын 18-январы.
18
Ант берүүгө бир нече күн калганда Трамп Твиттердеги баракчасында кызматка киришүүгө даярдык көрүп жаткан сүрөтүн жарыялаган. “Жуманы чыдамсыздык менен күтүп отурам” деп жазган ал.