Мерден: Бишкектен 50 кг алтын алышым керек
Түркиянын жараны Межит Мерден 2009-жылы Кыргызстанга алгач инвестор катары келип, кийин көмүскө алтын сатууга аралашкан. Стамбулдагы кабарчыбыз Элвира Будайчиевага курган маегинде Кыргызстандан алтынды көмүскө жол менен алып турганын, кийин 1 жарым миллион долларын жиберип, бирок убада кылынган 50 килограмм алтынды ала албай калганын айтып берген. Түрк жараны ушул тапта да Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматкерлеринин коркутууларына кабылып жатканын, Кыргызстан менен Түркиянын расмий органдарына бир нече жолу кайрылса да эч майнап чыкпаганын айтып берди.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 05, 2025Айдоочулукка окутуу мөөнөтүн узартуу сунушталууда
-
Ноябрь 04, 2025Орусиянын аскерлери Покровск шаарын курчап алды
-
Ноябрь 04, 2025Доха: Бишкек палестин элине тилектештик билдирди
-
Ноябрь 04, 2025Номад ТВ: Жаңы телеканалдын артында ким турат?
-
Ноябрь 03, 2025Ооганстан: Зилзалада 20дан ашуун киши набыт болду