Быйылкы IV Элдик курултайга 700 делегат шайланды. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Марат Иманкуловдун жетекчилиги алдында өткөн жыйында маалым болду. Президенттик администрация башчысынын орун басары Азамат Кыдыралиев жер-жерлерде курултайга делегат шайлоо жараяны аяктаганын билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жараян 231 айыл аймагында жана 33 шаарда өттү.
Жыйындын катышуучулары курултайга даярдык маселесин талкуулап, аны жогорку деңгээлде өткөрүүнү пландашты. Элдик курултайдын катышуучуларын жайгаштыруудан тартып, алардын коопсуздугуна көңүл бурууга чейинки маселелер талкууланды.
Марат Иманкулов курултай коомчулук менен мамлекеттик институттардын ортосундагы ишенимге жана кызматташтыкты бекемдөөчү, ачык жана конструктивдүү диалог үчүн аянтча болууга тийиштигин белгиледи.
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, быйыл IV Элдик курултай 25-декабрда өтөт.
2024-жылы үчүнчү Элдик курултай 20-декабрда өтүп, ага 698 делегат катышкан. Алардын 539у эркек, 161и аял жана 61 делегат Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү болгон. Андан тышкары 30 делегат Орусиядан, АКШдан, Канададан, Түркиядан, Германиядан, Түштүк Кореядан, Казакстандан, Чехиядан, Италиядан жана Улуу Британиядан келген диаспоралык уюмдардын жана мекендештер бирикмелеринин өкүлдөрү болгон.
“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам 2023-жылы 24-июлда кабыл алынган. Анда делегаттардын саны 1070тен 700гө чейин азайтылган. Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.
Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрда өткөн.(ZKo)