БУУнун башкы катчысынын Ооганстан боюнча өкүлү жана Ооганстанга көмөк көрсөтүү миссиясынын башчысы кызматын тапшырып келген экс-президент Роза Отунбаева “Азаттыкка” эксклюзивдүү маек курду. Отунбаева Ооганстандагы кырдаал, аялдардын абалы жана коопсуздук тууралуу айтып берди.
Кыргызстанда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатты. Өлкө эгемендик тарыхында алгач жолу ишке ашкан бул чечимди депутаттар саясий туруктуулукту сактоо ниети менен түшүндүрдү. Эми мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун датасы беш күн ичинде жарыяланышы керек. Жетинчи чакырылыштагы парламент кандай иштеди?
Кыргызстанда бийлик жана оппозиция жаңы эрежелерди калыптандырышы керек. Мындай пикирин “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.
Өткөн апталарда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары инвестициялык климат, менчик укугу тепселенип жатканын айтып чыгышты. Мындай билдирүү өлкөдө коррупцияга каршы күрөштүн алкагында ири ишкерлердин мүлктөрү мамлекетке өткөн учурга туш келди.
Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы каникулдан кайтып келгендери бери парламент өзүн-өзү таратып, мөөнөтүнөн мурун шайлоо өтөрү тууралуу талкуулар күчөдү. Муну бир катар депутаттар ырастаса, Борбор шайлоо комиссиясы шайлоо өткөрүүгө даяр экенин ырастады.
Август айынын ортосунда Украинадагы согушту токтотуу аракеттери ыкчамдап, дүйнөнүн назары бурулду. Алгач Аляскадагы Трамп-Путин жолугушуусу, андан кийинки Вашингтондогу Зеленский жана Европанын лидерлеринин Трампка зыяраты Украинадагы согушту токтото алабы деген суроого жооп издедик.
Кыргыз өкмөтү Батыштын Орусияга салган санкцияларын кыйгап өтүүгө жергиликтүү ишканалар аралашпоосу үчүн бир нече механизмдерди ишке ашырууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" маегинде билдирди.
Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, коомдук-саясий ишмер Эмилбек Каптагаев Апрель ыңкылабынын аткарылбай калган максаттары, анын мааниси, сабагы, 2010-жылы бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга кайтуу аракеттерине байланышкан окуялар тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
АКШ президенти Дональд Трамп жарыялаган тарифтер учурда башкы жаңылыкка айланды. Кошмо Штаттарга сырттан импорттолуучу товарга тариф киргизүүнүн мааниси, Борбор Азия өлкөлөрүнө таасири тууралуу экономика боюнча эксперт, Улуттук банктын мурдагы төрага орун басары Жаныбек Оморов менен маектештик.
Кыргызстанда акыйкатчы институту толук көз каранды эмес. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева "Азаттык" менен болгон маегинде билдирди. Акыйкатчы менен "Кемпир-Абад" иши боюнча камалгандардын арыз-даттануулары, өлкөдөгү адам укуктарынын абалы, акыйкатчынын иши боюнча суроолорго жооп берди.
Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов террордук коркунучтардын алдын алуу аракеттери жана Сириядагы кыргызстандык аялдар менен балдарды кайтарууга байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Кыргызстан азырынча “Талибанды” Ооганстандын расмий бийлиги деп тааныбайт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “Азаттыкка” курган эксклюзивдүү маегинде билдирди. Расмий Бишкек учурда Ооганстандагы кырдаалга тыкыр көз салып, гуманитардык абалды жөнгө салууга салым кошуп жатат.
Кыргызстанда кезектеги жолу билим берүү тармагын реформалоо демилгеси көтөрүлдү. Анын алкагында 12 жылдык окутуу системасы сунушталды. Бул программанын өзгөчөлүгү эмнеде? Буга чейинки реформалоо аракеттери сыяктуу ара жолдо калбайбы?
Кыргызстанда билим берүү тармагын реформалоо демилгеси кайра көтөрүлдү. Бул ирет Билим берүү министрлиги «Алтын Казык» деп аталган программаны сунуштап, анын алкагында 12 жылдык окутуу системасы сунушталды. Билим берүү жана илим министри Доктургүл Кендирбаева «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.
Кыргызстанда кезектеги жолу бийликтин алмашынын шарттаган Октябрь окуяларына эки жыл болду. Бул окуяларды белгилөө саясий окуялар кызып, чек ара маселеси курчуп, кезектеги жолу парламенттин төрагасы алмашкан учурга туш келди. Бул окуялардын саясий абалга тийгизген таасири кандай?
Кыргызстанда доллардын курсуна байланыштуу маселе утур-утур көтөрүлүп жатат. Өлкөдө накталай доллар тартыштыгы сезилип, ишкерлерге кошумча түйшүк жаратууда. Өкмөт жана Улуттук банк муну Орусиядагы кырдаалга байланыштырып, накталай долларлар Орусияга чыгарылып жатканын билдирип келет.
Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу машинелердин тыгыны чечиле элек. Кыргызстан атайын топ түзүп, автоунаалардын тиешелүү документтерин текшермей болду. Алматыдагы Нархоз университетинин проректору Кайрат Молдашев бул маселе боюнча «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.
Дагы жүктөңүз