4-ноябрда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков кызматтан алынды. Өткөн аптада Ош облусунун Алай районунда эки күн ичинде удаа каталып, кеминде он адамдын өмүрүн алган эки жол кырсыгынан соң оор жүк ташууга көзөмөлдү күчөтүү талабы айтылууда.
Чүйдөгү айылдардын биринде күйөөсүнүн колунан ажал тапканы айтылган 49 жаштагы Нурайымдын сөөгү кичи мекени Токтогулда жерге берилди. Аялын атып өлтүрүүгө шек саналган 63 жаштагы жаран камакка алынганы тууралуу ИИМ маалымат тараткан.
Киевдин мамлекеттик "Хочу жить" долбоору Украинадагы согушта орусиялык күчтөрдүн тарабында cогушуп жүрүп каза болгон теги кыргызстандык делген 143 кишинин тизмесин жарыялады. Кыргызстандын расмий органдары бул тизме боюнча комментарий бере элек.
Жаңы окуу жылы башталганына эки ай өтсө дагы Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттар балдарын мектепке киргизе албай жатканын айтып даттанууда. Мектепке кире албай калган мигранттардын балдары үчүн быйыл Кыргызстанда “Туңгуч” онлайн мектеби ачылган, анда 900гө жакын бала билим алууда.
Кыргызстандын акыйкатчысы өлүм жазасын киргизүүгө каршы пикирин билдирди. Ал БУУнун өкүлдөрү менен жолугушууда жогорку жаза киргизүүнүн терс жактарына токтолуп, андан көрө тергөөнүн сапатын жакшыртууга, сот адилеттигин камсыздоого, зомбулукту алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырды.
Москвада "Сахарово" миграциялык борборунда ушу тапта 160 кыргызстандык кармалып турат. Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева жакында аталган мекемеге барып, алардан кабар алган. "Азаттык" аны кепке тартты.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоого катышууга арыз берген бир нече кишини талапкер катары каттаган жок. Арасында парламенттин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов жана Жалолидин Нурбаев бар.
13-октябрда коомдук талкууга коюлган өлүм жазасы боюнча мыйзам долбоорунун талкуусунун мөөнөтү соңуна чыкты. Мыйзам коомдук талкууга чыккандан кийин жергиликтүү укук коргоо уюмдары Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү Кыргызстан алган бир катар эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин билдирген.
13-октябрда коомдук талкууга коюлган өлүм жазасы боюнча мыйзам долбоорунун талкуусунун мөөнөтү соңуна чыгууда
"Азаттыкка" Орусиядан чыгып кеткен укук коргоочулар кайрылып, орус абагында отурган кыргызстандык Мухамадюсуп Эрматов тууралуу маалымат беришти. 34 жаштагы жигит 2017-жылдан бери Орусияда терроризм беренеси менен айыпталып, жакында Норильскидеги жабык түрмөгө которулган.
Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айсулуу Мукашеванын окуясы коомдук жайлардагы коопсуздук маселесин козгоду. “Эже-сиңдилер” берүүсүндө кандай адамдар зомбулук көрсөтүүгө жакын болоорун, алар кимдерге кол салаарын талдап, жеке коопсуздук боюнча практикалык кеңештер менен бөлүшөбүз.
Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арасын тактоонун жүрүшүндө алмашылган Достук айылынын тургундарын жаңыдан түптөлгөн Жаңы-Достук айылына көчүрүү башталды. Бул алмашуунун алкагында 257 үй көчүрүлмөй болгон. 1-ноябрга чейин Достуктун тургундары жаңы түптөлгөн конушка толук көчүрүлүп бүтөт.
Дагы жүктөңүз