Дача СУ кырсыгы: өкмөт убадасын канчалык аткарды?
Кыргыз өкмөтү Дача СУ кырсыгында жабыркагандар тиешелүү жардамдарын алышканын кабарлап, кырсык боюнча иштеген өкмөттүк комиссиянын жана мекемелер аралык жумушчу топтун иши аяктаганын билдирди. Ал эми Дача СУ конушунун тургундары өкмөт учак кулаган убакта берген айрым убадаларын аткарган жок деп жатышат. Быйыл 16-январда түркиялык "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулап, анда жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч каза болуп, бир топ турак жай кыйраган. Маалыматтарга караганда учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон. Гонконг - Стамбул багытында учуп бараткан бул унаа ал күнү Бишкекке май куюу үчүн конуп жатканы айтылган. Кырсыктан жабыркагандарга кыргызстандыктар жардам чогултуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине элден 102 миллион сомдон ашык каражат түшкөн. Мындан он ай мурун учак кулаган жерге кабарчыбыз Замира Кожобаева барып, тургундар менен баарлашып келди.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 03, 2025Электр жарыгына эмнеге чектөө кирди?
-
Октябрь 29, 2025Ит ээрчитип, Кыргызстанды жөө кыдырган Арсен
-
Октябрь 27, 202525 жылдан кийин Бишкек кандай болот?
-
Октябрь 20, 2025"Күн алыс жарык өчүүдө". Өкмөт кыш кыйын болорун эскерткен
-
Октябрь 12, 2025"Тарыхты бирөөлөрдөн уруксат сурабай жазышыбыз керек"
-
Октябрь 09, 2025Ак-Ордодогу кылмыш: Шектүү жаран эки айга камалды