Депутаттар аткезчиликти талкуулашты
Жогорку Кеңеш өкмөттүн аткезчиликке каршы ишин жетишсиз, ал эми уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүп жаткан күрөшүн канааттандырарлык деп тапты. Депутаттар Кыргызстанда контрабанда тыйылбай, кылмыштуулуктун саны көбөйүп жатканын сынга алышты. Өкмөт чек ара өткөрмө бекеттеринде көзөмөл камералар орнотулуп, аткезчиликке системалуу бөгөт коюу иштери жүрүп жатканын билдирүүдө. Атказчилик маселесине байланыштуу Жогорку Кеңештин жыйынында накталай акчаны чек ара аркылуу алып өтүүдөгү көмүскө иштер боюнча «Азаттыктын» иликтөөсү тууралуу бир нече депутат маселе көтөрдү.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 05, 2025"Нью-Йорк - иммигранттардын шаары". Жаңы мэрдин жеңиши
-
Ноябрь 05, 2025Кар жаады, жол тайгак, "чексиз тариф"
-
Ноябрь 05, 2025Айзиректин ишин Ош облустук соту карап жатат
-
Ноябрь 04, 2025Орусиянын аскерлери Покровск шаарын курчап алды
-
Ноябрь 04, 2025Доха: Бишкек палестин элине тилектештик билдирди