Ош: Мэрден мэрге мураска калган таза суу көйгөйү
Ош шаарындагы таза суу көйгөйүнө арналган “Азаттыктын” иликтөөсү. (Эскертүү: видео 2021-жылдын октябрында жарыяланган). Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов таза суу маселесин чечүүнү жазда баштай турганын билдирген. Ал таза сууга байланыштуу убада берген алгачкы мэр эмес. Анткени Ошто жамгыр жааган сайын Ак-Буура дарыясы булганып, шаардагы таза суу бир нече күнгө токтоп калат. Маселени чечүү үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 11 млн. доллар бөлүнгөнү менен, долбоор толук ишке ашпай калган. Бирок мамлекетке келтирилген чыгым кайтарылган эмес.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 03, 2025Электр жарыгына эмнеге чектөө кирди?
-
Октябрь 29, 2025Ит ээрчитип, Кыргызстанды жөө кыдырган Арсен
-
Октябрь 27, 202525 жылдан кийин Бишкек кандай болот?
-
Октябрь 20, 2025"Күн алыс жарык өчүүдө". Өкмөт кыш кыйын болорун эскерткен
-
Октябрь 12, 2025"Тарыхты бирөөлөрдөн уруксат сурабай жазышыбыз керек"
-
Октябрь 09, 2025Ак-Ордодогу кылмыш: Шектүү жаран эки айга камалды