Жер шарынын тургундары 2023-жылды коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөр алынган шартта тосуп алды. Австралиядан баштап Жакынкы Чыгыштагы, Европадагы, жана кош Америкадагы жаңы жылдык майрамдын элестерин сүрөт баяндан көрүңүз.
Жаңырган жылда жанган оттор
1
Токиодогу майрамдык шаң.
2
Нью-Йорк шаарынын Таймс-сквер аянтына коронавируска байланыштуу чектөөлөр алынгандан кийин биринчи жолу эл толду.
3
Таймс-скверге Жаңы жылды тоскону келген кыз.
4
Рио-де-Жанейродогу атактуу Копакабана жээгиндеги жаркыраган оттор.
5
Рио-де-Жанейродогү майрамдык түн.
6
Киевдин Ыйык София соборунун жанында Жаңы жылды шам менен тоскондор.
7
Лондондогу түркүн түс жарык.
8
Коронавируска байланыштуу чектөөдөн кийин Ванкуверде биринчи жолу муздак сууда чабак ургандар.
9
Гонконгдун Виктория портундагы жанган оттор.
10
Маниланын метросунда Жаңы жылды тоскондор.
11
Куала-Лумпурдун тургундары.
12
Париждеги Триумфалдык аркада жанган оттор.
13
Сеулдун тургундары 2023-жылдын биринчи күнүндө.
14
Дубайдагы Халифтин мунарасы өзгөчө көрккө бөлөндү.
15
Украин армиясынын минометчулар бөлүмүнүн командири Тарас Лукинчук майдандагы жоокерлерди Жаңы жылы менен куттуктап жатат.
16
Манамадагы дрондордон куралган куттуктоо.