Индияда жүздөй адам жер көчкү алдында калды
Энергетика тармагына август айынан тарта баштала турган өзгөчө кырдаал режиминин жөнөкөй жарандарга тиешеси жок. Министрлик 3 жылдык мындай режим жаңы станциялардын курулушун тездетүү максатында киргизилип жатканын айтууда. Орусия Одессаны төртүнчү түнү катары менен аткылады. Бул жолу айыл-чарба ишканаларына, дан сакталган кампаларга чабуул коюлуп, 120 тонна буудай менен арпа өрттөнүп кетти. Индияда жүздөй адам жер көчкү алдында калды. Куткаруу иштерине калың туман жана нөшөрлөгөн жаан тоскоол болуп, оор техниканын жоктугу абалды кыйындатууда.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 04, 2025Доха: Бишкек палестин элине тилектештик билдирди
-
Ноябрь 03, 2025Сейтек STEM мектебинде 80 бала тамакка ууланды
-
Октябрь 31, 2025Пакистан менен Ооганстан ок атпоону улантууну макулдашты
-
Октябрь 30, 2025Бразилия: Мафияга каршы рейдде 100дөн ашуун киши өлдү
-
Октябрь 29, 2025"Сахароводо" 160 кыргызстандык отурат, арасында 11 аял бар
-
Октябрь 28, 2025"Борбор Азияда АКШ Кытайга атаандаш боло албайт"