Ноокат: Арызданган милиционер иштен алынды, анын жетекчиси кызматтан ылдыйлады
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүн жана үй-бүлөсүн коркуткан кат алганы тууралуу маалымат талкуу жаратты. Анын чоо-жайын күч түзүмдөрүнөн турган тергөө тобу иликтей баштады. Ноокатта жетекчисинин үстүнөн арызданган милиционер кызматтан алынды. Райондук милициянын жетекчиси, анын орун басарлары, кадр кызматынын адистери кызматынан төмөндөтүлдү. Ош облустук милициясынын алты кызматкери сөгүш алды. Украинада орус армиясы континенттер аралык ракеталар менен чабуул жасаганы маалымдалды. Анын алдында украин куралдуу күчтөрү Орусиядагы аскердик жайларды Британия берген Storm Shadow жана америкалык ATACMS ракеталары менен атканы кабарланган.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 05, 2025"Нью-Йорк - иммигранттардын шаары". Жаңы мэрдин жеңиши
-
Ноябрь 04, 2025Доха: Бишкек палестин элине тилектештик билдирди
-
Ноябрь 03, 2025Сейтек STEM мектебинде 80 бала тамакка ууланды
-
Октябрь 31, 2025Пакистан менен Ооганстан ок атпоону улантууну макулдашты
-
Октябрь 30, 2025Бразилия: Мафияга каршы рейдде 100дөн ашуун киши өлдү
-
Октябрь 29, 2025"Сахароводо" 160 кыргызстандык отурат, арасында 11 аял бар
Шерине