Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Омор Султановдун 90 жылдыгына арналган кече өтүп жатат


Омор Султановго 90 жыл
Омор Султановго 90 жыл

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында бүгүн 6-ноябрда Кыргыз эл акыны Омор Султановдун 90 жылдыгына арналган адабий-музыкалык иш-чара өтүп жатат.

Анда улуу акынды замандаштары жана каламдаштары эскерип, ырлары окулуп, бир катар композиторлор обон чыгарган ырлары жандуу аткарылууда.

Иш-чарада акындын 90 жылдыгына арналып чыккан "Жолум узак, эң узак" аттуу тандалмалар жыйнагынын бет ачары да болуп, окурмандардын колуна тийди.

Омор Султанов 1935-жылы Тосор айылында жарыкка келген. Анын чыгармачылыгы өткөн кылымдын 60-жылдары эл оозуна алынган. "Сен жөнүндө поэма", "Чарчоонун жүзүнчү ыры", "Отузунчу станция" жана башка бир катар поэтикалык ыр жыйнактардын автору. Акын 2022-жылы 87 жашында дүйнөдөн кайткан.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG