Сары-Кыр ашуусунда калган жаранды куткарууга тик учак жөнөтүлдү

ӨКМ тараткан сүрөт.

Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда калган жаранды куткарууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) тик учагы жөнөтүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

6-ноябрдын таңында жеринде 28 адам (анын 16сы ӨКМ кызматкери), 6 техника издөө жана куткаруу иштерин аткарууда.

Маалыматка караганда, 30 жаштагы К.Э. аттуу жаран автоунаасы менен Сары-Кыр ашуусунда кар күрткүсүнө тыгылып калганын айтып, жардам сураган. Ушул эле күнү ашууга министрликтин 4 куткаруучусу, 4 милиция кызматкери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана China Railway International компаниясынан 4 адам чыгышкан. ӨКМге караштуу Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары да тартылды.

Жолду ачууга кытайлык темир жолчулардын кошумча оор инженердик 2 техникасы дагы тартылды.

Мекеменин билдиришинче, ашуудагы бул унаа жолу быйылкы жылдын 1-октябрында жергиликтүү бийликтин тескемесинин негизинде жабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-5-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөрүн эскерткен. 4-ноябрда күндүз жана түнкүсүн жааган калың кардан улам Бишкек – Ош жолундагы өйдөлүштөрдөн автоунаа чыга албай, Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында тыгын жаралган. (КЕ)

Дагы караңыз

IV Элдик курултайга 700 делегат шайландыУКМК курулуш жана өрт коопсуздугун тескеген эки кызматкер пара менен кармалганын билдирди Молдова бийлиги Кишиневдогу "Орус үйү" жабыларын билдирдиПрезидент Садыр Жапаров иш сапары менен АКШга барды