Аба ырайы: тоолордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 7-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты чектөө сунушталды.

7-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт, айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10;

Талас жергесинде түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5 күндүз 7…12;

Баткен аймактарында ​түнкүсүн -1…-6 күндүз 6…11;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 2…7 градус болот.

Бишкек шаарында жаан чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7° суук, күндүз 7...9° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Дагы караңыз

Омор Султановдун 90 жылдыгына арналган кече өтүп жататСары-Кыр ашуусунда калган жаранды куткарууга тик учак жөнөтүлдү"Кара. Кызыл. Сары" тасмасына ЮНЕСКОнун сыйлыгы ыйгарылдыIV Элдик курултайга 700 делегат шайланды