«Калмаэги» тайфуну Филиппинде бери дегенде 100дөн көп кишинин өмүрүн алды. Бейшембиде өлкөнүн президенти Фердинанд Маркос чукул кырдаал жарыялады. Анын айтымында, дем алыштарда «Уван» деген жаңы бороон каптайт деп күтүлүүдө. Андай абал киргизилгенде мамлекеттик мекемелерге каражат алуу үчүн кошумча ыйгарым укуктар берилет.
Эң көп калктуу Себу аралында бүтүндөй шаарлар суу астында калды. Улуттук жарандык коргонуу башкармалыгы аралда 71 киши каза тапканын, 127 кишинин дайынсыз болуп жатканын, 82 киши жабыркаганын билдирди. Эки жарым миллиондон ашуун калктын 400 миңден көбү үйлөрүн калтырып кетүүгө аргасыз болду.
AFP агенттиги кийинчерээк Себунун бийлиги дагы 28 кишинин өлгөнүн маалымдаганын кабарлады.
Тайфун эми Вьетнамдын жээгине жылып, шамалдын ылдамдыгы жогорулап жатат Маалыматка караганда, өлкө бийлиги миңдеген кишиге коопсуз аймактарга көчүү көрсөтмөсүн берди. Вьетнамдын метеорология бюросу толкундар 8 метрге чейин жетиши мүмкүн деп маалымдады.
«Калмаэги» быйылкы эң күчтүү тайфун деп аталууда. Вьетнам ушул аптада эле адам өмүрлөрүн кыйган адаттан тыш нөшөргө, суу каптоого туш болгон.
Аймакта алты аэропорттун иши убактылуу токтоду, 50дөн ашуун каттам үзгүлтүккө учурады.